Бүгүн, 4-ноябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан КР Жогорку Кеңешинин жыйынында “Кыргызстан” фракциясынан ЖКнын депутаты Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.
Эсептөө комиссиясынын маалыматы боюнча, ага 100 депутат макул, ал эми 1 депутат каршы деген добуш берди.
Белгилей кетсек, Канат Исаев спикерлик кызматынан кеткен. Ал президенттик шайлоого катышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ