Menu

ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери ээнбаштык, адам уурдоо, опузалап талап кылууга шектелген жарандарды кармашты

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын УККБнын  ыкчам кызматкерлери ээнбаштык, адам уурдоо, опузалап талап кылууга шектелген жарандарды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин Аламүдүн районунун тургуну акча талап кылган эки кишиге чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. Анда 2019-жылы күзүндө бейтааныш адамдар аны бычак менен коркутуп, денеге залал келтирип, унаанын багажнигине салып кетишкени аныкталган. Ошол эле учурда, кылмышкерлер 10000 АКШ доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү “Пара талап кылуу”, 170-беренесинин 2-бөлүмү “Адам уурдоо” жана 266-беренесинин 2-бөлүмүндөгү “Бейбаштык” кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, мыйзамсыз коомго каршы аракеттерди жасаган деген шек менен мурда соттолгон адамдар кармалышкан.

Алар, Бишкек шаарынын тургуну 1984-жылы туулган А.Э.  мурда бейбаштык үчүн соттолгон, Бишкек шаарынын тургуну 1984-жылы туулган Д.А. буга чейин опузалап талап- тоноочулук үчүн соттолгон.

Криминалдык милиция кызматы билдиргендей, бул адамдар уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушат. Учурда сотко чейинки тергөө иштери улантылып жатат.

Ошондой эле, жогорудагы жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилип  жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: