Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу/алмаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине келип түшкөн кайрылуулардын кескин көбөйүшүнө байланыштуу, Элчиликтин консулдук бөлүмүндө жарандардын паспорт маселелери боюнча иш убактысы узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Атап айтканда:
– иш күндөрү саат 08.30 дан 20.30 га чейин, биринчи кезекте электрондук билеттин жардамы менен (талон алуу), алдын-ала жазылбастан;
– ишемби күндөрү саат 10.00дөн 14.00гө чейин Россиянын алыскы аймактарынан келген жарандарыбызды алдын-ала суроо-талаптары боюнча кабыл алынат. Аймактардан келген жарандардын саны көп экендигин эске алуу менен, консулдук бөлүмдүн [email protected] электрондук почта дарегине жазылуу тизмесине киргизүү үчүн, кайрылуу жөнөтүшүңүз керек.
Маалымат үчүн айта кетсек, Элчилик 2020-жылдын октябрь айында 1342 жаранды паспорт алуу / алмаштыруу үчүн кабыл алгандыгын, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2019-жылдын октябрь айында элчилик Кыргыз Республикасынын 320 жаранын кабыл алгандыгын маалымдайт. Ошентип, паспорт маселелери боюнча жарандарды кабыл алуунун көбөйүшү үч эсеге өстү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ