Menu

Видео – Үй камагына чыккан Курсан Асанов ачык билдирүү жасады

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн прокуратуранын өкүлдөрү сотко профилактикалык чараны өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Прокуратуранын кайрылуусунда Асанов тергөөдөн жашынууга ниети жок экендиги жана анын багуусунда балдары бар экендиги көрсөтүлгөн. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын өзгөртүп, Асановду 2020-жылдын 10-декабрына чейин үй камагына чыгарды.

Үй камагына чыккан Курсан Асанов 5-октябрдан 9-октябрга чейин жасалган иши кыргыз жергесинде, айрыкча Бишкек шаарында тынчтык, туруктуулук болсун деген максатта болгонун айтты.
“Ошол учурдагы абалды жөнгө салууда менин ролум бар деп  эсептейм. Мен аны менен сыймыктанам. Мени келип кармап кетпей эле, жөн эле чакырса болот эле. Мени кармаган – бул шоу. Мурунку бийликтин саясий заказы” – деп билдирди Асанов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: