Menu

Төмөнкү Ала-Арчада кызганычтан улам 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө буйрутма берген келин 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Прокуратура Төмөнкү Ала-Арча айылында адам өлтүргөн деп айыпталган аялдын баш коргоо чарасына каршы даттана албайт. Бул тууралуу Чүй облусунун прокуратурасынын кылмыш иштери жана жарандык процесстер бөлүмүнүн башчысы Нурлан Тагаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Б.Ж.га “Адамдар тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча жасалган киши өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталып жатат.
“Бул берене боюнча айыпталуучу 15 жылга чейин эркинен ажыратылы мүмкүн. Ага карабастан, Чүй облустук соту аны күрөөгө бошотту. Жаңы мыйзамдарга ылайык, прокуратура Жогорку соттун баш коргоо чарасына каршы даттана албайт », – деди Нурлан Тагаев.

Белгилей кетсек, 26-сентябрь күнү саат 02:50 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине беткап кийген эки белгисиз адам кирип, 62 жаштагы Т.Ж жана анын 26 жаштагы кызы Т. А.ны бычак менен жарадар кылган. Андан кийин алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Алган жараатынан улам кыз каза болуп, атасы Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кылмыш коомчулукта чоң резонанс жаратты. Аны ачыкка чыгаруу үчүн ИИМдин, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Аламүдүн РИИБнин тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

14-октябрда милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан жаш кыздын өлмүнө шектүүлөр: 31 жаштагы Б.Ж. (аял киши), анын 28 жаштагы айдоочусу О.А. жана 31 жаштагы К.Ч. кармалган.

Маалыматтар боюнча, адам өлтүрүү кылмышы Б.Ж.нын кызганычынан улам жасалган.  Анда аял күйөөсүн Айгеримден кызганып, анын көзүн тазалоо үчүн айдоочусуна жана досуна “буйрутма” берген. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: