Жүргүнчү ташыган кичи автобустун катышуусундагы кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Бишкектеги Тез жардам борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, 5 жабырлануучуну жеке менчик тез жардам унаасы алып кетти, ал эми Тез жардам борборунун тобу жабыркагандардын экөөсүн ооруканага жаткырышты.
Ошондой эле, арасында оор жаракат алган бейтаптар жок экендигин Егор Борисов кошумчалады.
Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. “Мерседес” унаасы менен жүргүнчү ташыган кичи автобус кагышкан. Кичи автобус катуу соккудан улам оодарылып кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ