Menu

Казакстан чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө киришин чектеди

Бөлүшүү:

Казакстан бир катар облустарда коронавирус илдети жайылып жатканына байланыштуу мамлекеттик чек араларда чектөө чараларын күчөттү. Бул тууралуу казак өкмөтүнүн расмий сайтында кабарланды.

Мекеме аралык комиссиянын чечимине ылайык, Казакстандын аймагында жашап турууга уруксат алган чет өлкөлүктөр, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, казак жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп эсептелген чет өлкөлүктөр мамлекеттик чек аралардан 90 суткада бир жолу гана өтө алат.

Мындан тышкары 2021-жылдын 1-майына чейин 57 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим токтотулду. 1-январга чейин Кытай жана Индиядан келген транзиттик жүргүнчүлөр үчүн Казакстан аймагында 72 саат визасыз жүрүүнү чектөө 2021-жылдын 1-январына чейин узартылды. 9-ноябрдан баштап Түркияга уюштурулган аба каттамдары жумасына 33төн 20га кыскартылат.

Казакстандын Чыгыш Казакстан, Павлодар, Акмоло, Костанай жана Батыш Казакстан облустарында коронавирус илдети күчөп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: