Menu

Тажикстандыктар азык-түлүктүн кымбатташынан кооптонушууда

Бөлүшүү:

Тажикстандыктар доллардын наркы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу азык-түлүк баасы да жогорулайт деп тынчсызданышууда. Ишкерлер азык-түлүк өнүмдөрүн чет өлкөлөрдөн доллар менен сатып алышат.

Тажикстанга чет өлкөлүк валюта негизинен эмгек мигранттарынан жана пахта менен алюминийди сатуудан түшөт. Бирок өлкөдө пахта менен алюминий чыгаруу азайды. Коронавирус пандемиясына байланыштуу мигранттардын акча которуулары да төмөндөдү. Көптөгөн мигранттар чек аралар жабык болгондуктан иш үчүн Орусия менен Казакстанга кете албай жатышат. Бул арада 2-ноябрда рублдин куну да кескин түшүп кетти.

Өлкөнүн Улуттук банкы жарыялаган расмий курска ылайык, 1 доллар 10,3 сомониден 11,3 сомониге кымбаттады.

Улуттук банктын маалыматына караганда, доллар курсунун сомониге карата жогорулашына ага суроо-талаптын күчөгөнү, тышкы сооданын терс балансы, чет өлкөлөрдөн акча которуулардын жана чет өлкөлүк инвестициянын азайышы себеп болууда.

Акыркы күндөрү расмий жана бейрасмий курстун айырмачылы 9,3% түздү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: