Menu

УКМК: 1993-2002-жылдар аралыгында $1 миллиардга жакын насыя мыйзамсыз алынганы аныкталды

Бөлүшүү:

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 1993-2002-жылдар аралыгында Кыргызстандын жогорку кызмат адамдары чет элдик банктардын өкүлдөрү менен тил табышып, республикадан кредиттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетишкен схеманы аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, насыялар тамак-аш, жеңил өнөр-жай, фармацевтика, тоо-кен, курулуш, ошондой эле таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду өнүктүрүү шылтоосу менен алынган.

1993-2002-жылдар аралыгында Кара-Балта тоо-кен комбинаты ААК, “Жибек-Жолу” АК, “Казкоммерцбанк” ААК, “Жылдыз” ААК, “Кыргызпотребсоюз”, “Жанар” АК, “Чүй агроөнөр жай” ЖЧК, “Ала-Тоо” мейманкана-ресторан комплекси, “Кыргыз Агробизнес” ААК, “Буудай” МИ жана башка чет өлкөлүк банктар КР өкмөтүнүн кепилдиги менен 1 миллиард долларга жакын 40тан ашуун насыя алышканы аныкталды.

Күрөө милдеттенмеси катары эл аралык банктарга алынган насыялардын көлөмү үчүн республиканын алтын-валюта резервдеринин бир бөлүгү берилген. Ошол эле учурда алынган насыя каражаттары республикага кеткен эмес, чет өлкөлөрдө жайгашкан башка чет элдик банктардын эсептерине которулган.

Андан кийин ишкана банкрот деп табылып, жоюлуп, чет өлкөлүк банктар насыялар төлөнбөгөндөн кийин күрөөгө коюлган алтынды алып кетишкен. Ошондой эле, тергөө иштеринин натыйжасында мамлекет ушул күнгө чейин жеке насыяларды төлөп келгенини аныкталды.

Учурда, КР УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: