Menu

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны үй камагына чыгарууну суранышууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-ноябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны колдоо үчүн № 47 түзөтүү колониясынын алдына чогулушту.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ден 47-колонияга которулган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бронхит менен ооруп калганын анын адвокаты Сергей Слесарев билдирген. Мекемеден анын чынында ооруп калганы такталды.

Ушуга байланыштуу, колонияга аны колдоо үчүн Атамбаевдин тарапташтары келишти. Алардын арасында анын жубайы Раиса Атамбаева дагы бар.

Чогулгандар мурдагы президенттин ден-соолугуна тынчсызданып жатышканын айтышты. Буга байланыштуу алар аны үй камагына дарылануу үчүн бошотууну суранышты.

“Алмазбек Шаршенович, биз сиз мененбиз!” – деп колониянын жанында кыйкырып турушту.

Колонияга чогулган тарапташтар Атамбаевге азык-түлүк товарларын, каттарды, сүрөттөрдү жана колдоо сөздөрү жазылган плакаттарды тапшырышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: