Menu

Талант Мамытов, ЖКнын төрагасы: “Ак үйдү оңдоп-түзөөгө демөөрчүлөр жардам беребиз деп жатышат”

Бөлүшүү:

Ак үйдү оңдоп-түзөөгө демөөрчүлөр жардам беребиз деп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда жаңы шайланган төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги башаламандыктан кийин имараттын техникалык жабдуулары көбүрөөк зыян тарткан.

«Азыр көптөгөн депутаттар иш бөлмөлөрүн оңдоп башташты. Мындан тышкары, айрым демөөрчүлөр өз жардамдарын сунушташат. Эң чоң кыйынчылык – бул жабдууларда. Компьютерлер, микрофондор жана видеокамералар бузулган», – деди Талант Мамытов.

Ал бул демөөрчүлөр кимдер экендигин жана кайсы компаниялардын же ишканалардын өкүлдөрү экендигин так айткан жок.

Парламент Ак үйдүн имаратына келтирилген зыянды аныктоо боюнча комиссия түздү, анда дагы президенттин кеңсеси жайгашкан, ал дагы башаламандык учурунда жабыр тарткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: