Menu

УКМК: Алиджановдун кайрылуусу боюнча тергөө жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Алиджановдун кайрылуусу боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ноокат шаарынын тургундарынын укук коргоо жана көзөмөл органдары биздин ишти карабай жатат деген кайрылуусу боюнча КР УКМК төмөнкүлөрдү маалымдайт.

2020-жылдын 28-октябрында КРнын УКМК Ош шаардык жана Ош облустук тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Алиджанов Сирожидин Кабылжановичтин арызы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 1-бөлүмүндө (Бийликтен аша чабуу) каралган кылмыштардын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

2020-жылдын 28-октябрында К.Алиджановго карата сотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалган, ага ылайык К.Алиджанов денедеги жаракаттын бардыгын, денеге келтирилген ар кандай жаракатты, ошондой эле учурдагы денеге келтирилген жаракаттын иштин убактысына жана жагдайына шайкештигин аныктоо үчүн экспертизадан өтүшү керек болчу.

К.Алиджанов 2020-жылдын 22-октябрында КРнын аймагынан чыгып кеткен жана учурда Россия Федерациясынын аймагында жүрөт.

Бул сотко чейинки өндүрүштү ар тараптуу иликтөө максатында, кызматтык текшерүү дайындалып, Ош шаары жана Ош облусу боюнча КРнын ИИМ ички иликтөө кызматына тапшырылган.

Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында бул ишке катыштыгы бар адамдарга укуктук баа берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: