Menu

Депутат Кубанычбек Жумалиев Жапыкеев тарабынан кайрадан ачылган иш боюнча сотко кайрылууну көздөп жатат 

Бөлүшүү:

Депутат Кубанычбек Жумалиев сотко кайрылууну көздөп жатат. Ал мындай билдирүүнү бүгүн, 5-ноябрда журналисттерге “Гоин”, “Таатан” соода борборлорундагы жана Эл аралык инновациялык технологиялар университетиндеги тинтүүгө комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бул иш анын туугандарынын мүлкүнө байланыштуу.

“Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев буга чейин 7-сентябрда жабылып калган ишти улантып жатат”, – деди ал.

Буга чейин, 4-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери “Гоин”, “Таатан” соода борборлорунда жана Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде тинтүү жүргүзүп жаткандыгы маалымдалган.

Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович – “Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин” биргелешип негиздөөчүсү.

Белгилей кетсек, Финполиция Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүнө байланыштуу КР Башкы прокуратурасы тарабынан каттоого алынган сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат. Ушул жылдын май айында Жумалиевди мамлекеттик кызматта иштеп жатып, мыйзамсыз байып кетти деп айыптаган Сыймык Жапыкеев болгон. Ошол эле учурда, өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Жапыкеев каржы полициясын жетекчиси болуп дайындалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: