Menu

Ташкентте «Ислам цивилизацияларынын борборун» куруу үчүн 241 үй түрттүрүлөт

Бөлүшүү:

Ташкенттин Алмазар районунда «Ислам цивилизацияларынын борборун» куруу үчүн 241 үйдү бузуу пландалууда. Бул тууралуу аталган райондук акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата 237 үй түрттүрүлдү. Алардын тургундары Яшнабад районундагы жаңы курулган көп кабаттуу комплекске көчүрүлгөн.

«Алмазар райондук акимчилиги тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын чечими менен жаңы үйлөр ээлерине берилди. Аймактагы үйлөрдү бузуу иштерин 10-ноябрга чейин аяктоо каралууда», — деп билдирди басма сөз кызматы.

«Ислам цивилизацияларынын борбору» илимий комплексинин курулушу президент Шавкат Мирзиёев кол койгон токтомдун негизинде 2017-жылы декабрда башталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: