Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина текшерилет. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.
Жыйындын жүрүшүндө парламенттин депутаты Тазабек Икрамов өкмөт өкүлдөрүнөн коронавируска каршы вакцинаны башка мамлекеттерден Кыргызстанга алып келүү иштери кандай жүрүп жаткандыгы жөнүндө сурады.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, жакында Түрк Кеңешинин саммити болуп, анда Россия, Түркия жана Казакстандан 100 вакцина импорттоо боюнча келишим түзүлдү.
“Вакцинаны жарандардын арасында ыктыярдуу түрдө сынап көрүшүбүз керек” – деди ал.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысынын орун басары Нурболот Үсөнбаев журналисттерге билдиргендей, текшерүүдөн өтө турган 100 адамдын ден-соолугу чың болушу керек. Ошондой эле алардын макулдугу дагы керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ