Menu

Байден негизги штаттарда Трамптан озуп баратат

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо бюллетендери эки күндөн бери саналып жатат.

5-ноябрь күнү эртең мененки маалыматтарга ылайык, демократ Жо Байден Дональд Трампка караганда негизги төрт штатта – Аризона, Жоржия, Пенсильвания жана Невадада алдыда келе жатат. Байден шайлоочулар коллегиясынын 253 добушуна, Дональд Трамп 214 добушуна ээ болду.

Америкалык басылмалардын божомолу боюнча Аризона жана Невададагы үстөмдүк менен Байден 270 добуш топтоп, жеңишке жетиши ыктымал.

Байдендин Мичиган жана Висконсиндеги жеңиши азыркы президенттин мөрөй алуу ыктымалдуулугун азайтты. 2016-жылы бул шаттар Трампты колдогон. Трамптын командасы Висконсиндин айрым окуругдарында добуштарды кайра саноону талап кылды.

Байден Висконсинде 49,6 пайыз, Трамп 48,9 пайыз алган. Эгер добуштардын айырмасы 1% аз болсо талапкер бюллетендерди кайра санап чыгууну талап кыла алат.

Трамптын командасы добуш саноодо кандайдыр бир мыйзам бузуу боюнча далилдери жоктугуна карабай, Пенсильвания жана Жоржияда да сотко кайрылды.

Байдендин штабы президентке каршы турууга даяр экенин билдирип, Трамптын “Твиттердеги” билдирүүлөрүн “негизсиз” деп атады.

Шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү бюллетендер али саналып бүтө электигин, жарыштын жыйынтыгы өзгөрүшү ыктымал экенин эскертишүүдө.

2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында мөөнөтүнөн мурда жана почта аркылуу добуш бергендер рекорддук көрсөткүч жаратты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: