Menu

Генпрокурор Курманкул Зулушев орус тилинде сүйлөөдөн баш тартты

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Башкы прокурору Курманкул Зулушев кечээ, 4-ноябрда биринчи пресс-конференция өткөрүп, бардык суроолорго кыргыз тилинде гана жооп берип, орусча сүйлөөдөн баш тартты.

Башкы прокурордун айтымында, ал орус тилин жетиштүү деңгээлде билет, бирок бардык суроолорго кыргыз тилинде гана жооп берет, ошол эле убакта расмий тилди сыйлайт.

“Мен расмий же башка тилди кемсинтейин деген оюм жок. Мага мамлекеттик тил бардыгынан ыйык, бийик. Ошол эле учурда мамлекетте жашаган башка улуттагы эл да мамлекеттик тилди билиши керек. Мен бардыгыңыздарга ийгилик каалап, силерден да мамлекеттик тилде сүйлөшүңөрдү суранат элем” – деди Зулушев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: