Menu

Казакстанда мыкаачылык менен киши өлтүргөндүгү үчүн издөөдө жүргөн жаран Кыргызстанда кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-ноябрда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн КР ИИМ менен биргеликтеги ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунан издөөдө жүргөн Казахстан Республикасынын жараны 1987-ж.т. Ширинов Шаин Курбанхан-оглы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Азыркы учурда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин сотко чейинки өндүрүшкө каттоо маселеси каралууда.

Кармалган адам Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ш.Широновду Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарына өткөрүп берүү маселеси каралууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: