Menu

КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн расмий билдирүүсү

Бөлүшүү:

Маалыматтык порталдардагы «Президент С.Жапаровдун аппаратынын атынан бизнесмен израилдик лоббист менен $1 млн долларга келишим түздү» аттуу жарыялоого тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү аталган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын бүгүн, 5-ноябрда расмий билдирет.

Аталган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын гана эмес, КРнын мыйзамдарына карама-каршы келээрин белгилеп кетебиз.

КРнын Өкмөтү жеке компаниялардын келишимдерин жөнгө салбайт жана эл аралык аянттарда өз кызыкчылыгын сүрөөгө муктаж эмес, анткени, КРнын Өкмөтү бардык эл аралык уюмдар менен ишенимдүү мамилеге ээ.

Андыктан, аталган маалымат чындыкка жатпайт жана КРнын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун ар-намысына шек келтирет.

КРнын Өкмөтү маалымдагандай, эл аралык инвесторлор менен иш алып баруу боюнча ар кандай чечимдер КРнын мамлекетинин жана элинин кызыкчылыгын эске алуу менен гана кабыл алынат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: