Menu

Эртең Ак үйдүн тосмосу бузулат

Бөлүшүү:

Эртең, 6-ноябрда Бишкекте Ак үйдүн айланасындагы тосмону бузуу иштери башталат. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, тосмону бузуу иштери эрте мененки саат 10:00дө башталат. Ага “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү тартылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин жаңы спикери Талант Мамытов Ак үйдүн айланасындагы тосмону бузууга убада берген.

“Мен кечээ кечинде Садыр Жапаров менен бирге олтурдум, ал Ак үйдүн тосмосун бузуу керек деди мен ал демилгени колдойм, биз элге жакын болуп, алардын кызыкчылыгы үчүн иштешибиз керек”, – деген ал кечээ 4-ноябрда спикер болуп шайлангандан кийин.

2012-жылы 5-чакырылыштын депутаттары Талант Мамытов менен Камчыбек Ташиев Кумтөрдөгү коррупцияга каршы митингден кийин ушул Ак үйдүн тосмосун ашып өткөндүгү үчүн “бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү” беренеси менен камакка алынган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: