Menu

“Кыргызалтын” компаниясынын алдына чыккан митингичилер төрага Алмаз Алимбековдун кызматтан кетишин талап кылышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-ноябрда, “Кыргызалтын” ААКнын борбордук кеңсесинин жанына 25ке жакын адам чогулуп, башкармалыктын төрагасы Алмаз Алимбековдун кызматтан кетишин талап кылышты.

Митингчилердин айтымында, Алимбеков иштеген мезгилде компанияда эч нерсе жасалган эмес. Мындан тышкары, эгерде алардын талаптары аткарылбаса, төраганы өзүбүз кетиребиз деп коркутушкан.  Ошондой эле алар инвесторлорду Макмал кенинен (Мансон Групп) кууп чыгууну талап кылышты. Айтылган талаптар аткарылбаса, алар инвестордун мүлкүн өрттөп жиберебиз деп коркутушкан.

Буга жооп катары компания: “Азыр ишканаларда миңден ашуун адам жумуш менен камсыз болушат. Салыктар жыл сайын жергиликтүү жана республикалык бюджетке түшөт”, – деп белгилейт.
2019-жылдын аягында “Кыргызалтын” ААК өлкө бюджетине 750 млн. Ал эми 9 ай ичинде компаниянын таза кирешеси 921,8 миллион сомду түздү.
Компаниянын басма сөз кызматы мындай билдирүүлөр өз кызыкчылыгын көздөгөн жактар тарабынан, тактап айтканда, кызмат орундарын мыйзамсыз ээлеп, ЖАКты чыгымга учураткан ишканага айлантуу максатында болуп жаткандыгы аларды капалантып, тынчсызданып жатканын билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: