“Элдик көзөмөл кыймылын” бүтүндөй Кыргызстан боюнча, 400 айыл өкмөт, 31 шаар, 7 дубанга ачалы… Айыл өкмөттөн баштап тартипке салгыла. Райондон тартып МВДга чейин баарын тартипке салалы. Мындан кийин жумушка таразага тартып туруп алабыз. Ар бир адамды таразага тартып туруп алабыз, чуркатып, турникке тарттырып, “отжимание” жасатып туруп анан алабыз”, – деп түшүндүрдү жаңы кызматкерлерге карата коюла турган талаптарды жарыялап “Мекенчил” партиясынын активисти Бакай Кашкарбаев.
Бакай Кашкарбаев буга чейин 12-октябрда президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасап “Сооронбай Шарипович, өтө жаман болуп каласың! Жаман болуп каласың! Атаңдын күмбөзүнө келип, куран окута албай каласын. Сөөгүң көмүлбөй калат! Жанчылып калат! Арматура менен жанчып таштайбыз!” деп коркутканы менен белгилүү.
Ал эми 29-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго видеокайрылуу жасап “Сот реформасын баштаңыз. Мен “Коомдук көзөмөл” деген кыймыл ачып баштадым эле, эл колдоп жатат, жакшы. Мени элдин астына чыгарып, мени коомдук кеңешчи кылып алыңыз. Жаман кеңеш бербейм сизге. Жаныңыздагы бузуку, эки жүздүүнүн барын кууп чыгам” деп талап кылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ