Menu

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкуна барды

Бөлүшүү:

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкуна барды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен бул полкко кураторлук кылган Октябрь Урмамбетов ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен жолугуп, күжүрмөн кызматтык абал менен таанышкан.

Жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков менен Октябрь Урмамбетов административдик имаратты, казарманды, кызматтык иш бөлмөлөрдү, аскердик техникаларды жана жабдыктарды кыдырып чыгышып, милиционерлердин кызмат өтөө шарттары менен таанышкан.

“Атайын багыттагы полкто ар кандай кырдаалдарда аракеттене билген күтүлбөгөн тапшырмаларды аткарууда ыкчам, жогорку деңгээлде даярдыгы бар кызматкерлер кызмат өтөшөт, ошолдуктан ар бир кызматкер мамлекетибиздин коомдук тартибин бекемдөө, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө эң жогорку кесипкөйлүк, жеке адептүүлүк жана мыйзамдуулукту сактап, жарандарга сылык мамиле кылууга өзгөчө көңүл буруп, элдин бейкуттугуна арналган кызматыбызды ак ниеттүүлүк менен аткарууга чакырам жана ар кызматкерге ар тараптуу колдоо көрсөтөт”,-деп АБПнын командири Аскат Султаналиев маалымат берген.

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков милиция кызматкерлери мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти катуу сакташы керек, жарандар менен пикир алмашууда сылык болуп, кесиптик билимдерин, жөндөмдөрүн өркүндөтүлөөрү абзел экендигин баса белгилеген.

“Биз коомдук тартипти, жарандын жана коомдун кызыкчылыгын коргоо тутумун өркүндөтүү керек. Милиция саясаттан тышкары. Милиция кызматкерлери ар дайым профилактикалык иш-чаралар менен алектенип, мыйзамдуулук менен кызматтык тартипти сактап, жарандар кайрылган учурда сылык болуп, кесиптик билимдерин өнүктүрүүлөрү абзел. Өзгөчө кызматкерлердин ден соолугуна көңүл буруп, медициналык мекемелерде дарыланып жаткандарга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүүгө тийиш. Тынчтыкты жана туруктуулукту сакташ үчүн жүктөлгөн тапшырмаларды абийирдүү аткарып, кызматыбызга өзгөчө көнүл буралы”,-деп Улан Ниязбеков билдирди.

“Урматтуу кесиптештер! Ар бириңерди кызматыңарга болгон жоопкерчилигиңиздер менен кайраттуулугуңуздар үчүн терең ыраазычылылыгымды билдирем. Сиздердин үй-бүлөнүздөргө бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалайм”,-министр деп сөзүн жыйынтыктаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: