Menu

ЕККУ Беларус бийлигин жаңы президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды

Бөлүшүү:

ЕККУнун Вена шаарындагы кеңсеси

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) беларус бийлигин эл аралык стандарттарга ылайык жаңы президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды.

Уюмдун баяндамасында Александр Лукашенко жеңүүчү деп жарыяланган 9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу сунушу жазылган. Баяндаманын авторлору өнөктүктүн бардык баскычтарында шайлоо процесстери бузулганын белгилеп, беларус бийлигинин адам укуктарын бузгандыгын айыпташкан.

Мурдараак БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Минсктин укук коргоо тармагындагы аракеттерин кубаттаган:

ЕККУнун баяндамасы 17 өлкөнүн, анын ичинде АКШнын, Франциянын жана Улуу Британиянын өтүнүчү менен даярдалган. Документ келип түшкөн 700 далил материалга негизделген. Минск бул боюнча иликтөөчүлөр менен кызматташуудан баш тарткан.

9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин Минскиде жана Беларустун башка шаарларында нааразылык акциялар башталган. Алардын катышуучулары бийликти шайлоо жыйынтыктарын бурмалоого, митинг катышуучуларына катаал мамиле жасоого айыптап, Александр Лукашенконун отставкасын жана шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылышууда.

Акция катышуучуларын таратуу маалында кеминде төрт киши каза болду. Жаракат алгандар менен кармалгандардын так саны белгисиз. Бүгүнкү күнгө карата митингдерге катышкан дагы алты киши дайынсыз болууда. Батыш өлкөлөрү Лукашенконун легитимдүүлүгүн тааныган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: