Menu

Грекияда ИМ тобунун мүчөсү деген шек менен Тажикстандын жараны кармалды

Бөлүшүү:

Грекиянын Триполис шаарында «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөсү деген шек менен Тажикстандын 27 жаштагы жараны кармалды.

The National Herald басылмасы полициядагы булактарына таянып, тажикстандык жаран Грекияга 2017-жылы мыйзамсыз келгенин жазды. «Ал тажик оппозициясынын лидеринин тууганы экенин, саясий себептерден улам Тажикстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Грекияда убактылуу жашап туруу укугуна ээ болгондон кийин Триполис шаарында батирде жашаган», — деп жазды басылма.

Грекиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармалган жаран боюнча кошумча маалымат алуу үчүн Тажикстандын бийлиги менен байланышканы кабарланууда.

Азырынча куугунтукта жүргөн тажик оппозициясынын жетекчилиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: