Жаш саясатчы Темирлан Султанбеков Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу 4 үй-бүлө уулдарына анын урматына Темирлан деген ысымын ыйгарышканын айтты.
Анын айтымы боюнча, ал төрт Темирландын бири менен жолуккан.
“Бекеринен балдар бейиш жыттанат деп айтышпаса керек. Абдан сүйкүмдүү жана татынакай бала экен. Аллахым бактылуу жана узак өмүр берсин! Мен болсо өз кезегимде бул балдар өзүлөрүнүн атынан уялбашы үчүн жашап жана иштей берем ” – деп жазган Темирлан Султанбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ