Menu

Финполиция Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын экс-жетекчисин кармады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы бала бакчаны курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын (мындан ары – Бишкек ш. мэриясынын КМККБ) мурунку жетекчиси “О.С.” деген жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек ш. мэриясынын КМККБнын жетекчи кызматкерлери мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын бузуу менен иш алып барып, жалпы суммасы 70 миллион сомго жакын бала бакча куруу үчүн атайылап пайдасыз келишимдерди түзгөндүгү аныкталган.

Бүгүн, түштөн кийин Биринчи май райондук соту тарабынан кармалган адамга карата бөгөт коюу чарасы колдонулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: