Ак үй толугу менен Жогорку Кеңештин балансына өттү. Бул тууралуу ЖК спикери талант Мамытов билдирди.
Анын айтымында, кечээ күнү презденттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен сүйлөшкөн.
“Садыр Нургожоевич башка имаратта иштейм деди. Ошентип, Ак үй толугу менен Жогорку Кеңештин балансына өттү”, – деди Мамытов.
Спикер алгач жыйындар залы оңдолорун айтып, иштөө үчүн минимадуу шарттар түзүлөрү менен ЖКнын имаратында иштеп башташарын белгиледи.
Белгилей кетсек, учурда президенттин м.а. Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн имаратында иштеп жатат.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ