Menu

Талант Мамытов: “Ак үйдү оңдоп-түзөөгө депутаттардын баш тарткан айлык акылары жумшалат”

Бөлүшүү:

“Ак үйдү оңдоп-түзөөгө депутаттардын баш тарткан айлык акылары жумшалат” – деп билдирди бүгүн, 6-ноябрда ЖКнын спикери Талант Мамытов журналисттердин Ак үйдү оңдоо боюнча суроосуна жооп берип жатып.

Анын айтымы боюнча, Ак үйдүн имаратын калыбына келтирүү боюнча маселе чечилип жатат.

“Депутаттар өзүлөрү демилгелешип, эмгек акыларын алуудан баш тартышты. Бул каражат бизге маселени чечүүгө жана сынган эшик-терезеэшиктердин сынган терезелерин калыбына келтирүүгө жардам берет”, – деди  Талант Мамытов.

Спикер оңдоо иштерине жардам берүүгө даяр меценаттар жана жөнөкөй жарандар бар экенин белгиледи.

“Биз бюджеттик каражаттарды коротпостон, маселени өз күчүбүз менен чечкенге аракет кылабыз”, – деп түшүндүрдү баяндамачыди ал.

Белгилей кетсек, 5-октябрдагы митингден кийин Ак үйдү митингчилер басып алып, имараттын ичи талкаланган.

Буга чейин депутат Акылбек Жапаров имаратты оңдоо үчүн бул жолу 450 миллион сомдой каражат талап кылынарын айткан. Кийинчерээк президент м.а. Садыр Жапаров андан алда канча аз каражат талап кылынарын, болжол менен 10 миллион сом сарпталарын айтыкан.

Марлен Маматалиев кесиптештерине иш бөлмөлөрдү өз каражаттарынын эсебинен оңдоону сунуштаган. Имаратты оңдоп-түзөөгө канча каражат талап кылынары айтылган жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: