Menu

Казакстанда «терроризмди үгүттөө» иши боюнча соттолгон тогуз кишинин бири түрмөдөн чыкты

Бөлүшүү:

Казакстанда «кастыкты козутуу» жана «терроризмди үгүттөө» иши боюнча соттолгон Есим Сулейменов мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Бул тууралуу ал RFE/RL радиосунун казак кызматына кабарлап, түрмөдө тынч жүрүп, эрежелерди бузбаганын айтты.

Жаза аткаруу департаменти Есим Сулейменов 29-октябрда түрмөдөн чыкканын, анын калган мөөнөтү жеңил жаза — эркиндигин чектөө менен алмаштырылганын тастыктады.

Алматы облусунун 37 жаштагы тургуну Есим Сулейменов — «кастыкты козутуу» жана «терроризмди үгүттөө» иши боюнча 2019-жылы соттолгон тогуз кишинин бири. Былтыр августта айыпталуучулардын сегизи беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылган. Тогузунчу шектүү Жулдызбек Таурбеков, абакта ооруп, экинчи топтогу майып болуп калганына байланыштуу анын иши өзүнчө каралган. 2020-жылы январда ал жети жылга соттолгон.

Иштин материалдарына ылайык, соттолуучулардын бири «терроризм жана салафизм идеясын пропагандалоо жана бул агымдын жактоочуларын көбөйтүү» максатында WhatsApp мессенжеринде топ ачып, ага «тилектештерин» кошкон. Өкүмгө ылайык, алар анда «диний темаларды талкуулап, терроризмди пропагандалоо менен диний кастыкты козутушкан».

Августта казакстандык укук коргоочулар соттолгон сегиз адамды диний себептерден улам куугунтукталгандардын тизмесине киргизишкен.​

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: