Menu

АКШда добуш саноо уланууда

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттарда 3-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы эсептелүүдө. Президенттик жарыш али уланууда. Учурдагы президент Дональд Трамп да, демократтардан талапкер Жо Байден да шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун топтой элек.

Жоржия, Пенсильвания жана Невадада Трамп менен Байден дээрлик үзөңгүлөш келетат.

Трамптын командасы добуштарды саноодо мыйзам бузууларга жол берилген деген жүйө менен сотко кайрылып, президент өзү айрым штаттарда бюллетендерди саноону токтотууну талап кылган. Шайлоо боюнча эксперттер соттук дооматтар шайлоонун акыркы жыйынтыгына анчалык деле таасирин тийгизбей турганын айтышууда.

Күн мурун Дональд Трамп эки күндөн бери биринчи жолу элге кайрылды. Ак үйдө өткөн брифингде демократтар “шайлоону уурдоого аракет жасашканын” айтты. Трамп шайлоо боюнча далилсиз билдирүүлөрдү жасап жатканда бир нече ири телеканалдар анын сөзүн түз эфирде берүүнү токтотушту. Twitter менен Facebook президенттин билдирүүсүнө талаштуу деген белги койду.

Өз кезегинде Жо Байден америкалыктарды сабырдуу болууга жана шайлоо жараянына ишенүүгө чакырды.

“Ар бир добуш саналышы керек. Эч ким биздин демократиябызды тартып ала албайт. Азыр да, келечекте да. Америка бул үчүн узак жылдар бою күрөшкөн. Мындайды болтурбаш үчүн көп азап-тозоктон өткөн. Биздин оозубузду эч ким тыя албайт. Биз коркпойбуз, багынбайбыз. Мен жеңип чыгарыбызга ишенем. Бирок ал менин же биздин эмес, америкалыктардын, Америка демократиясынын жеңиши болот. Биз утканда көк жана кызыл штаттар болбойт”, – деди Жо Байден.

Байкоочулардын эсеби боюнча эгер Байден Пенсильванияда жеңишке жетпесе да, Аризона жана Невададагы ийгилиги менен 270 упай топтой алат.

Азырынча демократтардын талапкери, 77 жаштагы Байден шайлоо коллегиясынын 253 добушу менен алдыда баратат. Трампта 214 добуш бар. Ал эми жеңиш үчүн 270 добуш зарыл.

Трамптын шайлоо штабы айрым штаттарда добуштардын кайра саналышын талап кыларын билдирди. Байден Висконсинде добуштардын 49,6% алса, Трамптыкы 48,9% болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: