Чүй облусунда “Хонда Степвагон” унаасы жолдон чыгып кетип дубалды сүзгөн, кырсыктан айдоочу жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун Аламүдүн районунда кечээ, 5-ноябрь күнү саат 15:40 чамасында Алма-Ата жана Чугуев көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып дубалды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу 1982-жылы туулган эркек адам жабыркаган.
КР ӨКМнин №1 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жабыркаган жаранды унаадан алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ