Menu

Бишкекте каракчылыкка шектүү жаран кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 5-ноябрда 05:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринен тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2001-жылы туулган Т.Г. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 03:40 чамасында белгисиз азият түспөлүндөгү болжол менен жашы 20-25 чамасындагы жаран арыз ээсинин үйүнө мыйзамсыз кирип, ачык түрдө бычак менен коркутуп, 16 400 сом өлчөмүндөгү акчасын алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган А.У.аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: