Menu

Абдыманап Карчыгаев: “Израилдик лобби компания менен келишим 2-сентябрда түзүлгөн. Ал убакта Садыр Жапаров түрмөдө отурган”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-ноябрда “Ренессанс” агрардык өндүрүш корпорациясынын негиздөөчүсү Абдыманап Карчыгаев “Кабар” агенттигинде өткөн пресс-конференцияда лобби келиши тууралуу маалымат берди.

Анын айтымы боюнча, ал эл аралык консалтинг компаниясы менен жеке өз келишим түзгөн. Dickens & Madson жана “Ренессанс” агрардык өндүрүш корпорациясынын өкүлүнүн ортосундагы келишимге 2-сентябрда кол коюлган.

Ал ForeignLobby.com сайтында жарыяланган келишим жасалма экенин айтты. Анда Садыр Жапаров жөнүндө сөз болгонун четке кагат. Далил катары ал журналисттерге келишимдин түп нускасын көрсөттү.

“Мен бул компания менен сүйлөшүүлөрдү бир жыл мурун баштаганмын. Ошондо Садыр Жапаров дагы деле түрмөдө болчу. Мына, келишим 2-сентябрда түзүлгөн. Анан ошол күнү Садыр Жапаров кайда болгон? Бул компания Кыргызстанга инвестиция салууга даяр инвесторлорду издейт. Андан кийин алар президент менен жолугушууларды уюштурушат” – деди ал.

Ал журналисттерге көрсөткөн келишимдин башында, чындыгында, 2-сентябрь датасы турат. Ари Бен-Менаше өзүнүн кол тамгасын 2020-жылдын 18-октябрында гана койгон. Дал ушул дата келишимдин ар бир барагында Dickens & Madson компаниясынын башчысынын кол тамгасынын жанында турат. Мындан тышкары, акыркы бетте “on behalf of the Government of Kyrgyz Republic” деген сөз айкашы бар, аны “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгы үчүн” деп которууга болот жана анын жанында Абдыманап Карчыгаевдин аты-жөнү жана кол тамгасы турат.

“Бул Кыргыз Республикасынын атынан эмес, “Кыргызстан үчүн” деп жазылган”, – деп түшүндүрдү Карчыгаев.

Белгилей кетсек, эл аралык “Foreign Lobby Report” агенттиги жарыялаган келишимде ага 2020-жылдын 30-октябрында кол коюлганы жазылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: