“Бир Бол” партиясы шайлоо босогосун 3%га, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго төмөндөтүү жана форма-2ни жоюу тууралуу Мыйзамга кол коюлбай жатканына кабатыр болууда. Бул тууралуу 5-ноябрда аталган партия Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
“Бир Бол” партиясы шайлоо босогосунун жана күрөөсүнүн жогору болушу оппозициялык күчтөрдүн парламентке келүүсүнө тоскоолдук жаратып, өлкөдөгү туруксуз абалды күчөтөт деп эсептейт.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айындагы таза эмес жана адилетсиз өткөн шайлоого каршы чыккан күчтөрдүн баары шайлоо мыйзамдарына дал ушундай өзгөрүүлөр кирүүсүн талап кылышкан.
Шайлоо мыйзамдарын реформалоо тең салмактуулукту жана парламенттин көз карандысыз болуусун камсыз кылат.
Мыйзамга кол коюлбай жатканы жарандык коом тарабынан парламентке прогрессивдүү күчтөрдүн келүүсүнө тоскоолдук жаратуу жана парламентти президенттик көзөмөлдөн чыгарбоо аракети катары кабыл алынууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ