Menu

Аскар Салымбековдун иниси Жумабек Салымбеков Ярославлдагы Ленин базарын сатып алды

Бөлүшүү:

Ярославлдагы Ленин базарын Москвада катталган “Дордой” ЖЧКсы сатып алган. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар Ярославль шаардык мэриясынын порталына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Аукциондун баштапкы баасы 145 270 000 рубль болгон. Аукционго: “Дордой” ЖЧКсы, “Ринг Премьер Отель” ЖЧКсы жана “В.Ю.Орлов атындагы Ярославль техникалык көмүртек” ААКы катышкан. Базар “Дордой” ЖЧКсына баштапкы баасында сатылды, башка катышуучулар соодалашкан эмес.

“Дордой” ЖЧКсы 2020-жылы апрель айында Москвада катталган. Уюштуруучу Жумабек Салымбеков, Кыргызстандын жараны, Бишкек шаардык кеңештин депутаты.

Дордой – бул Кыргызстандын борбору Бишкектеги ири эл аралык базар, аны Жумабек Салымбековдун агасы Аскар Салымбеков негиздеген. Салымбековдордун үй-бүлөсү Кыргызстанда эң бай жана таасирдүү үй-бүлөлөрдүн бири катары белгилүү. Аскар Салымбеков Нарын облусунун губернатору болуп, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып, 2005-2009-жж. бери Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Ушундан улам, базар базар бойдон калат деген тыянак чыгарууга болот. Ярославлдын көпчүлүк тургундары аймак турак жай курууга берилип кетет деп коркушкан.

Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: