Menu

Пакистандын текстиль, фармацевтикалык жана электротехникалык ишканалары Кыргызстан менен кызматташууну тереңдетүүгө даяр

Бөлүшүү:

3-4-ноябрь күндөрү Лахор жана Гужранвала шаарларга жумушчу сапарынын алкагында Элчи Э.Бейшембиев Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар болгон пакистандык ишканалардын башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу 6-ноябрда КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, ушул жылдын 3-ноябрында Лахор шаарында Кыргызстандын дипломатиялык миссиясынын башчысы “Creative Apparels (Pvt) Ltd” текстиль фабрикасында болуп, анын директору Абдул Хамид мырза менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар текстиль өнөр жайы боюнча кыргыз-пакистан кызматташтыгынын келечегин, ошондой эле компаниянын өндүрүш ишканаларын Кыргызстанда ачуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары, 3-ноябрда Кыргыз Республикасынын Элчилиги “Фиоре”, “ZinSol”, “Zister”, “Zavine”, “Cosmet”, “ZikarPlus” жана башка дары-дармектерди Кыргызстанга жеткирип турган “Wilshire” фармацевтикалык компаниясынын лабораториясына  иш сапары менен барды. Компаниянын жетекчилиги Амджад Али Жава, Ассад Али Жава жана доктор Сайед Акил Хаснейн мырзалар менен жолугушуу учурунда, эки өлкөнүн ортосундагы фармацевтика тармагын кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга бир катар дары-дармектерди жеткирүү боюнча келишимдерге жетишилди.

Ушул жылдын 4-ноябрында Гужранвала шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилиги Пакистандын ири “Super Asia Group” компаниясынын заводторуна  иш сапары менен барды. Компания жылытуу жабдууларын, желдеткичтерди, ашкана шаймандарын, кир жуугуч машиналарды, газ плиталарын, мотоциклдерди, үч дөңгөлөктүү велосипеддерди жана башкаларды өндүрүү менен белгилүү.

Жолугушуунун алкагында, кыргыз тарап компаниянын өкүлдөрүн ушул жылдын декабрь айына пландаштырылган Бишкектеги бизнес форумга жана соода көргөзмөсүнө катышууга чакырды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: