«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, КРнын премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы №171 буйругуна өзгөртүүлөр киргизилген. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Тактап айтканда, жогорудагы өзгөртүүлөргө ылайык, социалдык блок боюнча вице-премьер-министр КРнын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын төрагасы болуп саналат.
Буйрукка ылайык, ыкчам штабдын төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри эсептелет.
2020-жылдын 2-ноябрындагы № 544 тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ