Menu

Араван районунун аймагында жашы жете электер арасында «Алдын алуу күнү» өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Араван районунун аймагында жашы жете электер арасында «Алдын алуу күнү» өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Араван районунун аймагында 6-ноябрь күнү жашы жете электер арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында «Алдын алуу күнү» иш-чарасы өткөрүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жана Араван РИИБдин жашы жетеэлектер менен иштешүү инспекциясынын инспекторлору , билим берүү мекемелердин соц.кызматкерелери, райондогу балдарды коргоо мекемесинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, кароосуз калган, ата-энелери эмгек миграцияда жүргөн жашы жете элек балдарды аныктап, алар менен профилактикалык иш чаралар жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, Араван районунун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн эмгегин мыйзамсыз пайдалануулардын, ден-соолугуна, дене бой, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында рейд өткөрүлүп, натыйжада автоунаа оӊдоочу, эмерек жасоочу жана коомдук тамактануучу жайларда иштеген 10 жашы жете электер аныкталып, Ош ОИИБдин Жашы жете электердин укук бузууларын алдын алуу борборуна(ЖУАБ) жеткирилип, алардын ата-энелери чакыртылып алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Жогоруда аталган иш чаранын жүрүшүндө түнкү рейд уюштурулуп, рейд учурунда түнкү убакытта кароосуз көчөдө жүргөн 12 жаш өспүрүм аныкталган. Алардын ата-энелерин чакыртылып, түндөсү балдарды жалгыз көчөгө чыгаруу кооптуу экендигин түшүндүрүп, ата-энелерине берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: