КРнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан борбор калаада «марихуана» баңгизаттын мыйзамсыз өстүрүү менен алектенгендин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт КЖБРге КРнын Жазык кодексинин 267, 268, 273 -беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.
Жүргүзүлгөн атайын ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин жана кызматтык итти колдонуу менен тинтүү амалдарын жүргүзүү учурунда 1988-ж.т., Щ.Э., жашаган үйдө каннабис, марихуана, героин баңгизаттары жана ошондой эле чегүүчү каржаттар: баңгизаттарды чегүүгө ылайыкталган мундштуктар, кальяндар, лампочкалар жана шприцтер табылып алынган.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 кг 694 грамм баңгизат алынган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүүлүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ