Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид атасынын №47 колониясында тартылган сүрөтүнө комментарий берди. Ал бул тууралуу Фейсбук баракчасына билдирүү жазган.
“Менин атамдын №47 колониясындагы сүрөтүн жарыялашты (бул кадрды туткундардын бири тартты деген божомол бар). Бирок, мен буга ишенбейм, анткени бул экс-президентти эл алдында басынтуу аракети. Ал өлкөбүздүн өнүгүшү жана стабилдүүлүгү үчүн көп иш жасады. Убакыт жана тарых баарын ордуна коет. Менин атам ар дайым өзүнүн эр жүрөктүүлүгү менен айырмаланып келген. Мен атам менен сыймыктанам жана бул күндөрдүн дагы өтөөрүнө толук ишенем! Баардыгыңыздарга колдооңуздар үчүн рахмат! ” – деди Сеид Атамбаев.
Эскерте кетсек, социалдык тармактарда өлкөнүн экс-президентинин сүрөтү жарыяланган. Сүрөттө Алмазбек Атамбаевдин башка абактагылар менен кантип байланышып турганы көрсөтүлгөн. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы сүрөт 5-ноябрында тартылгандыгын тастыктады. Алардын айтымында, сүрөт мурун адам өлтүрүү үчүн соттолгон абактагылар тарабынан тартылып, жарыяланган. Телефон алынып, эркектер изоляторго жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ