Menu

Назира Айтбекова: “35 жашты капка ката албайт экенсиң. Уялып, же жашыра турчу эч нерсе жок. Карылыкка жеткен бар, жетпеген бар”

Бөлүшүү:

Белгилүү телеалыпбаруучу Назира Айтбекова 35 жашка толду. Анын күйөрмандары социалдык тармактан куттуктап, каалоо-тилектерин жазып жатышат. Назира Айтбекова өзүнүн жаш курагы боюнча Инстаграм баракчасына билдирүү жарыялады.

“Раматылык таятам 60 жашында эле чамынып, сакал – мурут өстүрүп алып, “80 ге чыктым” деп эле кыйкыра берчү. Анын сыңарындай мен дагы 30га чыгып алып эле 40га чыгып калдым деп кыйкыра бермей адатым бар. Бир жаш жигит , -Назира эже, канчадасыз? – дейт. – 35 ке чыгам ,- десем, – Маанайды жаман буздуңуз да. Пландарым бар болчу. Эмдигиде жашыңызды айтпай эле коюңузчу эч кимге,- деп тамашалады эле. 35 ти капка ката албайт экенсиң шибеге сыңары. Уялып, же жашыра турчу эч нерсе жок. Карылыкка жеткен бар, жетпеген бар. Учурда гүлдөп , жашымдын эң сонун учуруна келген кезим. Болуп – толуп, 35 жылдык тажрыйба топтоп, аздыр – көптүр абдыракатын кошо чогулткан учур. Ичимде сүйүнүч, кубаныч аралаш сезим негедир. Шүгүр кылуу, ыраазы болуу, бактылуулукту туюу, топук болуу сындуу сонун сезимдерди үйрөндүм.

Артымды карасам, кайгылуу күн эмес кубанычтуу учурлар гана тартылат. Демек, наалыбасам, шүгүр кыла алсам, жакшылыкты көрө алсам, бактылуулукту туя алсам, жашоонун сабагын жакшы окуган окшойм. Демек, отуз беш жылдыгым текке кетпептир. Кайсы бир күнү “Тарс” үзүлүп кетсем да, кайгыра турчу, санаа тартчу эч нерсем деле жок. Таарынткандарды кечирип, таарынгандарды жазып алгам. Өлүмгө бүгүн кетчүдөй дапдаяр, таптаза, жыргап жашаш керек экендигин өмүр үйрөттү. Туулган күнүм менен! Ата , апа, экөөңөргө миң алкыш”, – деди Назира Айтбекова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: