Кытайдын Шэньси провинциясында 58 жаштагы адам энесин тирүүлөй көмүүгө аракет кылгандыгы үчүн соттолду.
Маалыматка ылайык, окуя май айында болгон. Шал болгон 79 жаштагы аял табылып, ооруканага жеткирилгенге чейин мүрзөдө тамак-ашсыз, суусуз 70 сааттай жатты. Куткарылгандан кийин ал уулу түрмөгө түшүп калышы мүмкүн деп тынчсызданган. Аял сентябрь айында көз жумган.
Ал адамга атайылап киши өлтүрүү боюнча айып тагылган. Дүйшөмбү күнү, 2-ноябрда, ишти Юйлинь округунун Цзинбянь шаардык соту карады. Соттолуучу күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркинен ажыратылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ