Menu

12-ноябрда блогер Сыдымандын соту болот. Ал президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго жардам сурап кайрылды 

Бөлүшүү:

12-ноябрда Октябрь райондук соту блогер катары элге таанымал Элмирбек Сыдымановдун (Сыдыман) ишин карайт. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Сыдыман өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди, ошондой эле ал сторис бөлүмүнө билдирүү жазды.

Күн санап калдым, апамдан көп жаман нерсени жашырып жатам, кан басымы көтөрүлүп, ээсин жоготуп коет. Мени 6 жылга кармаса, ким үй-бүлөөмдү багат?, – деген ойлор кетет. Атама баары бир, Кудай сактасын, ошондой жүрөгү жок кишилерден. Түрмөдө, сотто болгондо келген жок. Байкуш апам жүгүрүп жүрдү. Апамды, карындашымды сөккөн адамдарга жооп кайтарган үчүн 6 жыл.

Кудайым кызыктуу сыноону берди мага. Балким бул аркылуу чоң ийгиликке жетишем. Күнү-түнү ойлоно берип язваны күчөтүп, ооруканага жаттым. Анан тапкан акчамдын теңинен көбүн ар кандай документтерге короттум. Ошого дагы карабай үй-бүлөөмдү элден кем калтырбай багып келе жатам, унаалуу болдум“, – деди Элмирбек Сыдыманов.

Ошондой эле, ал бул иш тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Инстаграм баракчасына кат аркылуу кайрылып, жардам сураганын билдирди.

Элмирбек Сыдыманов Инстаграм социалдык тармагында (Сыдыман) каймана ат менен белгилүү. Ал ушул жылдын февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, анда кээ бир облусттардын тургундарына карата жаман сөздөрдү айтып, ашата сөгүп, пас сөздөрдү айткан. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. 18-февралда камакка алынып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча айып коюлган.

Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат. Сот отурумда прокуратура блогерди сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: