Menu

Кыргызстанда дагы 515 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, илдеттен 5 адам каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 515 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 107, Ош шаарынан – 43, Чүй облусунан – 60, Ош облусунан – 52, Талас облусунан – 20, Ысык-Көл облусунан – 45, Жалал-Абад облусунан – 133, Баткен облусунан – 54, Нарын облусунан – 1 катталган.

Муну менен жалпысынан 62 819 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 546 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 53 952ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 117, Ош шаарынан – 24, Чүй облусунан – 71, Ош облусунан – 86, Талас облусунан – 13, Ысык-Көл облусунан – 20, Жалал-Абад облусунан – 113, Баткен облусунан – 96, Нарын облусунан – 6.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 5 адам каза болду. Жалпы саны 1177ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: