Menu

Роза Отунбаева Джо Байденди АКШдагы президенттик шайлоодо жеңиши менен куттуктады

Бөлүшүү:

Экс-президент Роза Отунбаева Джо Байден менен Камала Харристи АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен куттуктады. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter социалдык тармагындагы баракчасында жарыялады.

“Урматтуу Джо Байден жана Камала Харрис! Сиздерди татыктуу жеңишиңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Биз, Кыргызстан, дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле, мамилебизди жаңыдан баштоону чыдамсыздык менен күтөбүз. Дүйнө дагы Америкага суктангысы келет”, – деп айтылат Роза Отунбаеванын билдирүүсүндө.

Камала Харрис буга чейин Джо Байдендин штабы тарабынан АКШнын вице-президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, кыргыз бийлиги официалдуу түрдө Американын жаңы лидерине куттуктоолорун жибере элек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: