Menu

Түркстанда казак-өзбек айлындагы жаңжал боюнча сот өкүмү чыкты

Бөлүшүү:

Түркстан облусунун Кентау шаардык соту 2020-жылдын июль айында казактар менен өзбектер турган Шорнак айыл аймагында болгон жаңжалга тиешеси бар үч адамды шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Бул тууралуу 6-ноябрда RFE/RL радиосунун казак кызматына Кентау райондук сотунун судьясы Акылбек Дауренбеков билдирди.

Судьянын айтымында, иш экиге бөлүнүп каралган. Биринчи иш боюнча айыпталуучу Мади Кордабайга өкүм сентябрда чыккан. Ал Кылмыш кодексинин “Бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жарым жылга эркинен ажыратылган. Ал жазасын шарттуу түрдө өтөп жатат.

Экинчи өкүм 28-октябрда чыккан. Анда сотто тогуз адамдын иши каралган. Жабырлануучулар менен элдешкен жети кишинин иши токтотулуп, экөөнө өкүм чыккан. Козмезгил айлынын тургуну Ифтихор Жумадуллаев Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” жана “Ден соолукка атайлап зыян келтирүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, жалпысынан алты жылга эркинен ажыратылган.

Ифтихор Жумадуллаев менен бирге анын бир тууган агасы Мадамин Жумадуллаев “Бейбаштык” беренеси боюнча үч жарым жылга соттолгон.

Экөөнүн тең түрмө жазасы шарттуу түрдө эркинен ажыратуу менен алмаштырылган.

Быйыл 21-июлда Шорнак айыл аймагынын Космезгил айлында өзбек жана казак жаштарынын арасында мушташ чыккан. Ага ондон ашык киши катышкан.

Казак бийлиги бул окуяны “улуттар аралык эмес, турмуштук жаңжал ” деп мүнөздөгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: