Menu

Жаңы жылда жардыргычтар атылбайт. Үнөмдөлгөн каражаттар мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, ардагерлерге белектерди берүүгө жумшалат

Бөлүшүү:

“Мэриянын кызматкерлери жана мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев менен биргеликте жаңы жылдык жардыргычтарды жана жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тарттык”. Бул тууралуу социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, жаңы жылдык майрамдарда шаардын көчөлөрүн жана башкы аянтты жасалгалоого колдонууга жараган нерселердин бардыгы колдонулат.

“Бардык үнөмдөлгөн каражаттар мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле биздин ардагерлерге белектерди берүүгө жумшалат”, – деп белгиледи Чыныбаева.

Вице-мэр ошондой эле шаардыктардын бири турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөргө же турмуштук оор кырдаалга туш болгон жалгыз бой энелерге Аяз ата болууну кааласа, анда ал биргелешкен пландарды талкуулоону сунуштайт.

Эскерте кетсек, өткөн жылы ЖКнын депутаты Айсулуу Мамашова жардыргычтардан баш тартууга үндөгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: