Menu

Тажикстан бийлиги Орусиядан 112 чартердик каттам уюштурат

Бөлүшүү:

Тажикстан ТИМи «Сомон Эйр» авиакомпаниясы 7-30-ноябрь аралыгында Орусиядан Тажикстанга жүздөн ашык чартердик каттам уюштурарын маалымдады.

Душанбеге учактар Москва, Санкт-Петербург, Казань, Иркутск, Екатеринбург, Красноярск, Краснодар, Уфа, Новосибирск жана Сургуттан келет.

Маалыматка караганда, мекенине кайта турган жарандарда ПЧР-тест болушу керек. Үч жашка чейинки балдардан мындай маалымкат талап кылынбайт.

Тажикстан коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында аба каттамдарын марттын аягында токтоткон. Азырынча Орусия менен Тажикстандын ортосундагы ырааттуу аба байланышы качан калыбына келе турганы белгисиз. Тажик бийлиги июлда эле каттамдарды жандандырууга даяр экенин билдирип, Орусиянын тиешелүү органдарына расмий кайрылуу жөнөткөн. Акыркы айларда Орусиядагы тажикстандык мигранттарды мекенине жеткирүү үчүн чартердик каттамдар гана аткарылууда.

Өткөн аптада тажик бийлиги Орусиянын «ЮТэйр» авиакомпаниясына Душанбе-Москва жана Хожент-Сургут багыттары боюнча жумасына бир жолу чартердик каттамдарды уюштурууга уруксат берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: