Мордовияда 56 жаштагы Кыргызстандын жараны жергиликтүү тургундун колунан каза болду. Бул тууралуу “Происшествия | Саранск | Мордовия” деп аталган Телеграм каналы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя эт комбинатында 6-ноябрга караган түнү болгон. Жумуш мөөнөтү алмашуу учурунда кызматкерлердин ортосунда чыр чыгып, натыйжада Торбеева кыштагынын 33 жаштагы тургуну кыргыз жаранын башына муштаган.
Жабырлануучу бутунда тура албай, жерге жыгылган. Ал алган жаракатынан улам көз жумган.
Бул факт боюнча “Ден-соолукка атайылап оор залал келтирүү, натыйжада, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган адам күнөөсүн четке какпайт.
В Мордовии местный житель убил кыргызстанца https://t.co/dbTqfPbEIk pic.twitter.com/1kyWg9Z4Rp
— ИА 24.kg (@_24_kg) November 9, 2020
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ